БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Харк аралын басып алууну каалаган Ирандын думшандары Ормуз кысыгында кабылгандан алда канча оор жагдайга тушугат. Бул тууралуу өлкө Межилисинин энергетика комитетинин маалымат катчысы Эсмаил Хосейни айтканын Tasnim кабарлады.
"Эгер душман аралга көз артчу болсо, ошондон ары жок болорун билиши керек", — деген ал.
Буга чейин Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын расмий өкүлү Абольфазль Шекарчи кокус АКШ Харкка сокку ура турган болсо Жакынкы Чыгыштагы мунай жана газ объектилери күлгө айланарын билдирген.
Axios порталы Тегереанды "экономикалык нокаутка" кетирүү үчүн Вашингтон аталган аралды басып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Харкта жайгашкан Ирандын ири мунай терминалында жалпы экспорттун 90 пайызы кайра иштетилет.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралдан бери уланып келе жатат. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга үндөгөн. Ал эми Иран коргонууга даяр экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдү жандантууга зарылдык жок экенин кошумчалаган.