БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. "Дордой" базарындагы унаа токтотмолор мэрияга өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушту. Тараптар "Дордой" базарынын аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашкан.
Калаа башчысы шаар бийлиги бизнеске каршы эместигин, тескерисинче, аны колдоорун айтып, бирок өнүгүү тартип негизинде ырааттуу жүрүшү керектигин белгилеген.
"Соодагерлер үчүн да, шаар тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл", — деди Жунушалиев.
Анын айтымында, базардын инфраструктурасын жакшыртуу алкагында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү, көлмөнүн айланасын тосуу жана сейилдөө аймагын түзүү пландалууда.
Ошондой эле мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды муниципалитеттин балансына кайтарып, QR-код аркылуу төлөм системасын киргизүүнү тапшырды.
Ал эми Салымбеков базар аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тарта башталарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Свердлов райондук администрациясына, Муниципалдык менчикти башкаруу жана Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыктарына даярдык иштерин, анын ичинде тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоону жыйынтыктоо тапшырмасын берди.