БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, арыз бүгүн саат 18:00дө каралат.
57 жаштагы Гүлсүнкан Жунушалиева буга чейин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткен эле.