Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушулиева мандатынан ажыратылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Мурдагы эл өкүлү арызды бүгүн жазып, БШК жыйынында карап канааттандырды. Ал №29 округдан шайланган болчу.
Белгилей кетсек, акыркы бир ай ичинде өз ыктыяры менен 8 депутат мандатын тапшырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырды