БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жака-белиндеги оргумалардан турган композицияны калыбына келтирмей болушту. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Учурда ал жерде менчик ээлери мурда курулган конструкцияны бузуп жатат.
"Келгиле, мурдагы каталарды кайталабайлы. Бүгүн силер аймакты кайра тосуп жатасыңар, эртең ал жерде бутиктер пайда болуп кетиши мүмкүн. Бул жерди шаар тургундары үчүн ачык кылып, коомдук эс алуу аймагын түзүү зарыл", — деген мэр.
Жунушалиев демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн соңку долбоорду шаар куруу кеңешинин кийинки жыйынына даярдоону тапшырды.
Ошондой эле шаар башчысы "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабат имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жөө адамдар үчүн жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.