БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыратканын кабарлады.
Мурунку эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине арыз жазганын тастыктап, депутаттыктан өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирген.
Азыгалиев №17 округдан шайланып келген болчу.