Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ташиев арызын бүгүн жазып, коллегиялык орган аны канааттандырган.
Мурдагы депутат кечээ ИИМге сурак берип чыккан. Бирок кайсы кылмыш ишинин алкагында жана кандай макамда сурак берип жатканы айтылган эмес.
Белгилей кетсек, ал №11 шайлоо округунан депутат болгон. Кийинки катарда башка эркек талапкер болбогондуктан, ордуна Мавлюда Калбердиева келиши ыктымал.
Курманкул Зулушев депутаттык мандатынан ажыратылды