БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жекшембиде күн ачык болот, айрым жерлерге туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +9...+14, Ысык-Көл жергесинде +3...+8, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +8...+10, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөт.