Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында суроолорго жооп берди.
"Ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон дагы 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз", — деди Мамадалиев.
Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин үч айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Мамадалиев учурда 500 дарыгер депозит аларын, жыл аягына чейин дагы 2 миң адиске депозит берүү пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, алыскы региондордо иштеген тартыш адистерге: неонатологдорго, педиатрларга жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча акча берилүүдө.
Министр Россияда иштеген кыргызстандык дарыгерлерди мекенге кайтууга чакырды