БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Милицияга К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аялдар ишенимине кирип, алдамчылык менен ири суммадагы акчасын алып коюшканын айткан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024-жылдын февралынан октябрына чейин эки аял жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкектен батирлерди жана автоунааларды базар баасынан төмөн алып берүүгө жардам беребиз деп убада кылганы аныкталган.
Алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп жүрүп, жыйынтыгында 90 миң доллар алып кетишкен.
"Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун 42 жаштагы тургуну А. Р. экени белгилүү болду. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, Чүй облусунун адвокаттар коллегиясынын мүчөсү экени аныкталды.
Мурда да ал ушундай эле жол менен бир нече жаранды алдап, алардын акчасын ээлеп алганы белгилүү болгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган адамдардын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле кандайдыр бир маалыматы барларды ИИМдин Тергөө кызматына +996 (503) 552 200 телефону аркылуу кайрылууга чакырат.