Министрлик: 1-апрелден тарта бардык мугалимдердин айлыгы 100%га жогорулайт

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот.
"Буга чейинки STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акысы гана жогорулайт, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдеринин маянасы көтөрүлбөйт деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деди министрлик.
Эске салсак, Садыр Жапаров IV Элдик курултайда 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан.
Быйыл кыргызстандыктардын капчыгын кампайтып, чыгашасын көбөйтө турган жагдайлар