Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүн, 11-мартта, таңкы саат 6:50дө Бишкек — Ош автоунаа жолунун 224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда бардык автоунаалар үчүн каттам токтотулган.
Азыркы тапта №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техника менен трассаны кардан тазалап жатышат.
Кошумча маалымат берилери айтылды.
Тоолуу аймактарда сууктун күчү -28 градуска жетет. Шашылыш билдирүү