12-мартка карата аба ырайы

12-мартта республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө, Таласта 3…+2, Ысык-Көл облусунда 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 3…8 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө 0…-5 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…+1, Ош шаарында 6…8 градуска жетет.
Былтыркыдан жылуураак болот. Март айына карата аба ырайы