Айыл чарба министрлиги өлкөдө шарп ылаңы массалык жайылбаганын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мал арасында шарп ылаңынын массалык жайылышы катталган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларга дарылоо жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, шарп жуктурган учурлар катталып, мал дарыланган. Бирок ылаң массалык жайылган жок.
Эмдөө менен көп ооруну ооздуктап калдык, бирок көйгөй бар. Ветеринардын маеги