ЖК депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшырууну чечти

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алды. Эми БШК анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын карайт.
Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу жана Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин иниси болуп саналат.
Анын ордуна парламенттин депутаты болуп Чыңгыз Айдарбеков келиши мүмкүн.
БШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты