БШК Кубанычбек Конгантиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшырганын БШКдан билдиришти.
"Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды", — дешти аталган комиссиядан.
Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган.
Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетти