БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Шейшембиде көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +4...+9, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, Нарында +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +2...+4 градус жылуу болуп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланат. Ош шаарында кыска убакытка жаан жаап, +6...+8 градуска чейин жылуу болот.