Түндө Жакынкы Чыгыштан дагы 260 кыргызстандык эвакуацияланды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштан дагы 260 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары Омандан "Аэро Номад Эйрлайнс" компаниясынын учактары менен өлкөгө учуп келишкен. Репатриациялоо Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана "Кыргызстан аэропорттору" ААК тарабынан ишке ашырылган.
Буга чейин Сауд Арабиясынан 210 кыргызстандык мекенине кайтып келгени маалым. ТИМдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта болжол менен 20 миңдей кыргызстандык бар.
Кыргызстан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандантат