БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн мамлекеттик жөлөк пул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр ушул жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлөт. Бул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун көлөмү ай сайын 1 200 сомду түзөт.
"Мен мамлекет башчысы катары жөлөк пулдар системасына байланышкан көптөгөн арыз-даттанууларды көрүп жатам. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Ошондуктан бүгүнкү жарлыгым менен министрлер кабинетине "Бала ырысы" аттуу жаңы жөлөк пулду киргизүү иштерин иштеп чыгууну тапшырдым. Ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт", — деди Жапаров.
Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала бар.