БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, жол эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууга азырынча эрте экенин айтты.
Мамлекет башчы бул демилге жол эрежесин бузган айдоочулардын билим деңгээлин текшерүү максатында сунушталганын, айдоочу жол эрежелерин таптакыр билбесе, анда күбөлүгүн алып, кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлмөктүгүн эске салды.
"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрымдары өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлери өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрсө болот", — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, мындан ары күбөлүк сатып алуу деген таптакыр болбойт. Ал эгер жол эрежесин бузгандарга жетиштүү көңүл бурулбаса кырсык күндөн-күнгө күчөп, көз жумгандар көп болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кечээ президенттин маалымат катчысы ИИМ документти чакыртып алууга тапшырма алганын билдирген.