БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад облустарында +10...+15, Баткен өрөөнүндө +3...+8, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.