Сынакка өлкөнүн ар аймагынан 200дөй аял катышкан, анын 43ү жеңүүчү аталды.
Тандоо учурунда кыз-келиндердин 2025-2026-жылдардагы жетишкендиктери, коомдук ишмердүүлүгү, лидерлик сапаттары, маданиятка, билим берүүгө жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы эске алынган.
Медицина, илим, маданият, шаар чарбасы сыяктуу тармактарды камтыган 13 номинация болду. Катышуучулар ийгилиги тууралуу кыска видео тартып, #ЖенщинаКР2026 хештеги менен аны социалдык тармакка чыгарышы шарт эле.
"Дал ушул конкурстан улам соцтармакта аккаунт ачкам. Катталуучу топтогондор бар, айрымдарына ролик тартууга кесиптештери, жакындары, балдары же окуучулары жардам берген. Биз үчүн башкысы — сизге болгон кызыгууну жаратып, Кыргызстанда кандай керемет аялдар жашаарын көрсөтүү эле. Балким, ал ролик болгону 20 же 30 лайк алгандыр, 700, керек болсо 1500 алгандар да болду. Бирок эл силер тууралуу, баскан жолуңар тууралуу билип жатат. Кыргызстанда таланттуу, күчтүү, жакшы нерсеге шыктандыра алган аялзаты жашай турганын билип жатышат. Кыргызстан менен Россиянын жылуу алакасынан улам көптөгөн мүмкүнчүлүк ачылып жатканына да токтолгум келет. Ушуга шарт түзүп берип жатканыңарга чоң ыраазычылык", — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жеңүүчү болгондор бүгүн Ош шаарынан сыйланышты.
Сынакты "Союз соотечественниц" коомдук фонду мэрия жана Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун колдоосу менен уюштурду. Максаты — аялдардын эмгегин коомчулуктун таануусу, лидерликти өнүктүрүү, аялзатынын ролун бекемдөө.