Бийлик журналисттер менен бизнеске мамилени кайра карап чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында ишкерлерге, журналисттерге жана жарандык активисттерге болгон мамиле кайра каралат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, башталган реформалардын алкагында укук коргоо органдары бизнес өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер менен иштөө ыкмасын карап чыгат.
"Ошондой эле камалбаган учурда укук коргоо органдарына башка чараларды колдонууга уруксат берилет. Бул толук эркиндик дегенди билдирбейт, ар бир чечим мыйзамга ылайык кабыл алынат", — деди Алагөзов.
Маалымат катчы мамлекет үчүн улуттук коопсуздук жана коомдук туруктуулук маселелери артыкчылыктуу бойдон каларын белгиледи.
Президент Жапаров сөз эркиндиги жана демократия тууралуу пикирин билдирди