БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова популисттик журналистика көбөйүп жатканын айтып, өлкө башчысын көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.
"Сапаттуу материалдар, иликтөөлөр жасалбай калды. Гезит-журналдар жоголуп бара жатат. Блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз. Чындыкты кесипкөй журналисттер гана жеткирет. Алардын айлыгынан баштап турак жайына чейин карап көңүл бурбасак болбой калды", — деди депутат.
Ошондой эле ал акын-жазуучулар көз жаздымда калып, адабиятта жаңы чыгармалар жаралбай калганын белгилеген.