БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ эл аралык суунун аймагынан Ирандын кемесин чөктүргөнүн Reuters басылмасы жазды.
Ал эми РИА Новости Шри-Ланканын ТИМине таянып, кеме чөккөн аймактын тегерек-четинен 80 кишинин сөөгү табылганын билдирди.
Шри-Ланканын тышкы иштер министри Виджита Хератх мурдараак аралдын Аскер-деңиз жана Аскер-аба күчтөрү Ирандын кемесине жардам көрсөткөнүн билдирген. Анын ичинен кеминде 30 адам аралдагы ооруканага жөнөтүлгөн.
Американын коргоонуу министри Пит Хегсеттин айтымында, мындай окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кездеше элек болчу.

Ирандын деңиздеги аскердик күчтөрүнө таандык кеме Индиядагы машыгуудан кайтып келе жаткан.
"Алардын флоту эч кандай роль ойнобойт... Чындыгында Американын суу алдындагы кемеси Ирандын Инд океанында эл аралык коопсуз сууда бара жатабыз деп кам санабай бараткан аскердик кемесин чөктүрдү", — деген Пит Хегсет.
Пентагондун маалыматы боюнча, АКШ тарабынан жок кылынган суднонун саны суу алдындагы кемелерди кошкондо жыйырмадан ашат.
"Биз аймактан тышкаркы жайларда жүргөн кемени кошкондо Ирандын 20дан ашык аскердик кемесин, суу алдындагы жүрүүчү бир кемесин жок кылдык. Ошондой эле ушул тапта Ирандын деңизде жүрүүсүн натыйжалуу кылып жөнгө салдык”, — деп АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Дэн Кейн журналисттерге айткан.