БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бейшембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө 6…11, Ысык-Көл облусунда 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 7…12, Нарын өрөөнүндө 1…6 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында 9…11 градусту түзөт.