Иран АКШнын Сауд Арабиядагы элчилигине чабуул койду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Иран АКШнын Сауд Арбиясынын баш калаасы Эр-Рияддагы элчилигине дрон менен чабуул койгонун өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
"Колдо болгон маалыматтарга таянсак, Американын элчилигине пилотсуз учуучу эки аппарат менен чабуул жасалган. Өрт чыгып, дипөкүлчүлүктүн имараты бир аз зыянга учураган", — деп министрликтин социалдык тармактагы баракчасында айтылган.
Fox News чабуул маалында имараттын ичинде эч ким болбогонун кабарлады. АКШ президенти Дональд Трамп буга жакында жооп болорун айткан.
"Жаңы эле Трамп менен сүйлөштүм, жакында АКШнын элчилигине кол салуу жана америкалык аскерлердин өлүмү үчүн жооп кайтарыларын билдирди", — деген NewsNation телеканалынын журналисти Келли Мейер.

Иранга жасалган чабуулдар

28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятоллоасы Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчылары, жай жарандар өлгөн. Алардын арасында балдар (окуучулар) да бар. Ирандын Кызыл жарым ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, анын кесепетинен кеминде 555 адам көз жумганын билдирген.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда.
АКШ мамкатчысы Рубио: Иранга жасалчу оор чабуулдар дагы алдыда