4-мартка карата аба ырайы

4-мартка караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 4-март, шаршембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында күндүн табы +8...+10, Ош калаасында +14...+16 градуска жетери айтылды.
Бишкекте жер үй ээлерине короосуна унаа токтотмо ачууга уруксат берүү каралууда