БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ирандын Ислам революциялык сакчылар корпусу (IRGC) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине сокку урганын маалымдады.
“Чынчыл убада4” операциясынын онунчу этабында бул режимдин премьер-министринин кеңсеси жана аба күчтөрүнүн командиринин жайгашкан жерине “Хейбар” ракеталары менен сокку жасалды”, — деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиосунда.
IRGC маалымдагандай, азырынча Израилдин премьер-министринин тагдыры белгисиз.