БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Синоптиктер 2-8-мартка карата аба ырайынын божомолун таратты.
5-мартка чейин аба ырайы өзгөрүп турат. Тоолу райондорго, ашууларга көчкү түшүп, күрткү турушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Чүй жана Талас облустары
Алдыдагы апта жаан-чачындуу болот. 2-8-март күндөрү тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. 8-мартта айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Бул облустарда дагы апта жаан-чачындуу болору күтүлүүдө. 2-4-мартта тоолуу райондорго кар, 5-7-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 8-мартта айрым жерлерде жамгыр төгүп, тоолуу райондордо кар түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ысык-Көл жана Нарын аймагы
Жаз келгени менен бул облустарда ызгаардуу кыштын таасири кетпейт. 2-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерге кар жаайт дешти. 3-мартта көпчүлүк аймактарда кар түшүшү, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Мындай аба ырайы 7-мартка чейин созулат. 7-мартта күн ачык болуп, 8-мартта кайрадан түнкүсүн кар, күндүз жамгыр жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4 марттарда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.