Ирандагы абал. “Манас” аэропортунда рейстердин убакыт-сааты өзгөргөн жок

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ирандагы кырдаалга байланыштуу “Манас” аэропортунда рейстердин расписаниеси өзгөргөн жок. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти.
“Аба каттамдардын баары штаттык режимде аткарылып жатат. Учуп кеткен жана учуп келген учактар боюнча чектөө жок. Аэропорт кадимки тартипте, бардык көзөмөл кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
“Кыргызстан аэропорттору” эл аралык кырдаалга көз салып жатканы жана башка өлкөлөрдүн авиациялык бийлиги, авиакомпаниялар менен байланышта экени айтылды.
Иран Американын Жакынкы Чыгыштагы төрт базасына сокку урду