БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-мартта республика аймагында жаан-чачын жаабайт, бирок эртең менен туман каптайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй облусунда түнү –3…–8 градус суук болот. Күндүз абанын температурасы +2…+7ге жетет.
Талас облусунда түнү термотметр –3…–8, күндүз +6…+11 градусту көрсөтөрү божомолдонгон.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнү температура –2…+3, күндүз +13…+18 болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн –3…–8, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түндө –9…–14, күндүз +1…+6 градус болору күтүлүүдө.
Ошто абанын температурасы 0…+2 градус жылуу болсо, күндүз +16…+18 градуска жетет.
Бишкекте түнү –4…–6, күндүз +4…+6 градус жылуу болору маалымдалды.