БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. ЦАХАЛ Иранга сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Израилдин коргоо министри Исраэль Кацтын билдирүүсүнө таянып жазды.
Алдыда Израилдин аймагына да ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалышы ыктымал. Буга байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал режими киргизилген. Ошондой эле Израиль аба мейкиндигин жапты.
Ирандын жергиликтүү маалымат каражаттары Тегеранда кеминде беш жарылуу болгонун жазышууда. Fars агентигинин маалыматы боюнча, ЦАХАЛдын рекатералары Тегерандагы Данешгах проспектиси менен Жомхури районунда болгон. Ошондой эле Пастур районунда да жарылуу болгондугу белгиленген.
Ишембиге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп Иран боюнча жөнөкөй эмес чечим кабыл алынганын кыйыткан. Ал өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө нааразы болуп, ислам республикасын уранды байытуудан биротоло баш тартууга чакырган.
Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу
Трамп Ирандан өзөктүк программа боюнча келишим түзүүнү талап кылып келет. Америка президенти ислам өлкөсү буга макул болбосо аны өткөн жылдын жай мезгилиндегиден да катуу чабуул күтөрүн эскерткен.
Ал эми Тегеран бул нерсе согушка алып келсе да уран байытуу укугун тынчтык максатында колдонууну карманарын айткан. Ошондой эле өлкө аймагына жасалган бардык чабуулдарга жооп болорун убадалаган.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабай америкалыктар аскердик күчтөрүн аймакка тартууну улантууда. Январдын аягында Штаттар Оман жана Перс булуңдарына аскер кемелерин жөнөткөн. Ушул тапта Иранга жакын жерде 150 учак жана АКШнын жалпы деңиз флотунун болжол менен үчтөн бир бөлүгү топтолгондугу айтылууда.