Оман ТИМи: Иран байытылган урандын запасынан баш тартууга макул болду

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Иран АКШ менен сүйлөшүүдө байытылган урандын бардык запастарынан баш тартууга макул болду. Бул Вашингтондун келишим түзүү үчүн койгон негизги талаптарынын бири экенин Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди билдиргенин РИА Новости жазды.
Омандын ТИМи Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болууда.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин жасаган билдирүүсүндө ирандык өзөктүк программа боюнча “кыйынга турган чечимди” кабыл алууга туура келерин билдирген.
“Иран толугу менен байытылган урандан баш тартышы керек, бирок Тегеран “туура жооп” берүүдөн баш тартып жатат. Бүгүн дагы сүйлөшүүлөр болот, бирок мен иштин жылышына кубанып турам”, — деген АКШ президенти.
Ошол эле маалда Мамлекеттик департамент америкалыктарды Иранга барбай турууга, ал эми ал жакта жүргөндөрдү тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.
ЖМК: АКШ Ирандын жогорку лидерин жок кылуу жагын карап жатат