БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кечээ, 27-февралда, Боливиянын аскердик аба күчтөрүнүн учагы Эль-Альто шаарындагы эл көп жүргөн жолго кулады. Кырсыктан 15 адам каза болуп, 28и жаракат алганын РИА Новости жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, учак өлкөнүн Улуттук банкына акча ташып бараткан. Аскерлер менен өрт өчүргүчтөр кырсык болгон жерге келип, акчаны талап жаткан адамдарга суу жана көздөн жаш агызган газ менен кубалоого аргасыз болушкан.
Коргоо министрлиги учак жерге конуп жаткан маалда кырсыктаганын билдирген. Мындан тышкары, сегиз адамдан турган экипаждын жетөө аман калганы, бирөөсү дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.
Ал эми Улуттук банк акча алып кеткен адамдарга кайрылып, каражат жүгүртүүгө кире элек банкноталар экенин эскертип, банктарга кайтарууну суранган.