"Чубактын кунундай эле". Жапаров Өзбекстан жана Тажикстан чек ара маселеси тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү оңой-олтоң болгон жок. Бул туурасында президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде айтты.
Акыркы беш жылда мамлекет үчүн эң татаал, жан кейиткен жана аялуу болуп келген чек ара маселесин жыйынтыктап, жөнгө салууга жетишкендигин айтты.
Мамлекеттин башчысы бул иштерге саясий эрк талап кылынгандыгына токтолду.
"Бул тарыхый процессти жыйынтыктоону алдыга милдет катары койгонбуз. Ал ары татаал, ары көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салынды. Маселе саясий эркти, стратегиялык сабырды сынады. Келечек муундун алдындагы жоопкерчиликти, терең билимди талап кылды", — деди Жапаров республикалык кеңешмеде.
Мындай маселелерде жети өлчөп, бир кесип, эң негизги критерий — улуттук кызыкчылык менен жана экинчи тарапты да уга билип, тыкыр иш жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
"1990-жылдардын башынан бери Чубактын кунундай чубалып келген чек ара маселесине чекит коюлуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарынын дагы бири катары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Муну мен толук жоопкерчилик менен айта алам", — деди Жапаров.
Жаңжал чыгарын уккан... Президент Жапаров кыргыз-тажик чырына токтолду