БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Түндө Пакистан менен Афганстандын ортосунда жаңжал от алып, эки тарап бири-бирин аткылаган.
Al Jazeera Пакистан түндө Кабулду жана Афганстандын эл жашаган башка аймактарын аткылады деп жазды. Кабул, Кандагар жана Пактия провинцияларына чабуул жасалганын РИА Новости кабарлады.
Ал арада эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун күчөшү, эгерде Түркияны кошо алганда аймактык оюнчулардын олуттуу ортомчулугу болбосо ири масштабдагы аскерий жаңжалга айланып кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.
Акыркы жагдай боюнча эмне белгилүү:
Пакистан Афганстандын аймагына жапырт сокку уруп, "Талибандын" ок-дары сакталган кампасын жана 30дан ашык согуштук техникаларын талкалагандыгын билдирди;
ЖМКлардын маалыматына караганда, Афганстандын аба мейкиндигинде пакистандык учак атып түшүрүлгөн;
Пакистандын коргоо министри талибдерди террорчулукту жайылтууга айыптап, ачык согуш башталганын жарыялады. Ал "Талибан" кыймылын Индиянын кызыкчылыгына иштей турганын айтты;
Афганстандын куралдуу күчтөрү бомбалоолорго жооп катары чек арада кеңири масштабдагы чабуул операциялары башталганын билдирди. Кабулдун маалыматы боюнча, бир нече чек ара бекети басып алынган;
Исламабаддагы расмий өкүлдөр чек арадагы кагылышууларда 133 афган аскери каза болуп, 200дөн ашыгы жаракат алганын билдиришти.
Өткөн жумада Пакистан Афганстандын Нангархар жана Пактия провинцияларындагы райондорго сокку урган. Расмий Кабул анын кесепетинен ондогон жай тургундар, анын ичинде аялдар жана балдар каза болуп, жаракат алганын билдирген.
Эки тараптын тирешинин тарыхы
Эки тараптын тирешинин тарыхы
Исламабад менен Кабулдун ортосундагы кырдаал 2025-жылдын октябрь айында Пакистандын аба күчтөрү Афганстандын борборуна сокку ургандан кийин курчуй баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин үч жетекчиси жок кылынып, ошондой эле Пактия провинциясында көптөгөн соода объектилери талкаланган.
Андан кийин Афганстандын Коргоо министрлиги "өч алуу операциясы" жүргүзүлгөнүн билдирип, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу кагылышуулар башталган. Алар 15-октябрга чейин уланып, тараптар убактылуу ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошондой эле чек арадагы тынчтыкты камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.
Мындан тышкары, Пакистанда бир катар терактылар болуп, Исламабад алар үчүн пакистандык талибдердин козголоңчул кыймылын айыптаган. Кабул бул топ Афганстандын аймагында жайгашпаганын билдирип, ага каршы күрөштү Пакистандын ички иши деп атаган.