Брюссель Бишкекке банктарды санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштарды жөнөттү

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Брюссель Бишкекке кыргызстандык банктарды Евробиримдиктин санкциялык тизмесинен чыгаруу үчүн "конкреттүү сунуштарды" жөнөттү. Бул туурасында ЕБдин чектөөлөр боюнча атайын өкүлү Дэвид О"Салливан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен сүйлөшкөндө айткан.
Минкаб төрагасынын орун басары тобокелдиктерди баалоонун түшүнүктүү жана ачык-айкын механизмдерин түзүү зарылдыгын айткан.
"Жолугушуунун жүрүшүндө айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларына байланыштуу маселелерди этап-этабы менен жөнгө салууга багытталган биргелешкен чаралардын планын даярдоо жана техникалык өз ара иштешүүнүн мындан аркы форматын аныктоо зарылдыгы белгиленди", — дешти өкмөттөн.
Маалымат кызматы ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү кыргыз бийлигинин ачыктыгынын жогорку деңгээлин жана эң талылуу маселелер боюнча түз диалогго даярдыгын баалады деп билдирди.
"Дэвид О'Салливан кыргыз тарапка кыргызстандык банктарды санкциялык тизмеден чыгаруу жана келечекте финансылык тобокелдиктерди болтурбоо алкагында мындан аркы техникалык өз ара иштешүү боюнча конкреттүү сунуштар жөнөтүлгөнүн билдирди. Атайын өкүл Евробиримдик экспорттук жана финансылык көзөмөл механизмдерин чыңдоодо мындан аркы прогресске үмүттөнөрүн баса белгиледи", — деп айтылат таратылган кабарда.
Жолугушуунун соңунда тараптар иш тартибинде практикалык диалогду жана байланыштарды улантууга даяр экендиктерин ырасташкан.
Эске салсак, буга чейин Bloomberg агенттиги Евробиримдик Россияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген шылтоо менен Кыргызстанга каршы чектөөлөрдү киргизүүгө ниеттенип жатканын жазган.
Европарламент депутаты Евробиримдиктин Кыргызстан боюнча саясатын сынга алды