БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Владимир Путин менен Александр Лукашенко дос эмес өлкөлөрдөн келип жаткан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга Россия менен Беларустун Союздук мамлекет бирикмеси кандай жооп кайтарарын талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Владимир Путин белгилегендей, Москва менен Минск тышкы саясат жана коргонуу тармагында тыгыз кызматташат.
“Союздук мамлекеттин аскердик коопсуздугу өлкөлөрүбүздүн карамагындагы бардык күчтөр жана каражаттар менен камсыздалышы үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди көрө беребиз”,— деди Путин.
Мындан тышкары, эки өлкө санкцияларга биргелешип каршы турат. Владимир Путин машина куруу жана электроника тармагында импортту алмаштыруу программалары ийгиликтүү жүрүп жатканын эске салды.
Ал эми Александр Лукашенко азыр Москва менен Пекиндин өнөктөштөрүнө мурдагыга салыштырмалуу кыйла чоң экономикалык басым жасалып жатканын айтты.
“Азыркы чыңалуу жаралган кырдаалда, айрыкча батыш чек араларында, Беларусь менен Россиянын ортосунда союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери чоң мааниге ээ,” — деди ал.
Лукашенко келерки үч жылда союздук интеграция боюнча негизги аракеттерди технологиялык көз карандысыздыкты камсыз кылууга багыттоого чакырды.