БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ким Чен Ын 13 жаштагы кызы Ким Чжу Эни Түндүк Кореянын өзөктүк күчтөрүнө жетекчи кылып дайындады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын The Chosun Daily гезити ишенимдүү булактарына таянып жазды.
"Өлкөдөгү абал менен тааныш жогорку даражалуу бийлик органдарынын өкүлү билдиргендей, чалгын кызматтары Ким Чен Ын өзүнүн кызын ракеталык системалардын жетекчиси кылып дайындаганын аныктаган", — деп айтылат материалда.
Анда ошондой эле Түндүк Кореянын лидери кызынын саясаттагы жана аскердик иштердеги ролун акырындык менен күчөтүп жатканы белгиленген. Мындан улам 13 жаштагы секелек эмитен өлкөсүнүн стратегиялык куралдары боюнча буйруктарды бере баштаган.
"Ким Чен Ын кызын өзөктүк жана ракеталык сыноолор болгондо өзү менен кошо алып жүрөт. Чалгынчылар билдиргендей, ал кызын аскердик иштерди көзөмөлдөө үчүн ракеталык бөлүмдүн башчысы кылып дайындаган. Азыр Кимдин кызы генералдардан отчет алып, буйрук берип жатат", — деди басылма.
КЭДР жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу кабарлар тарап жаткан учурда өлкөдө соңку жылдардагы эң маанилүү саясий жыйын өтүүдө. Дүйшөмбү күнү Пхеньянда 19-февралда башталган партиялык съезддин пленардык жыйыны уланды. Бул жыйын 2021-жылдагы съездден бери өлкөнүн өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып, кийинки беш жылга жаңы максаттарды аныктайт.