Чүй: ирригацияга керектүү жабдууларды чыгарган завод курулат

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Чүй облусунда сугат системалары үчүн жабдууларды чыгарган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.
Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү түркиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда тамчылатып жана чачыратып сугаруу үчүн жабдууларды өндүрүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу айтылган.
Өндүрүш комплекси Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жерге жайгаштырылмакчы.
Долбоор ишке ашса, суунун коромжу болушун азайтууга жана агрардык секторго заманга бап келген технологияларды киргизүүгө өбөлгө болорун айтышты. Мындан тышкары, заводдун ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө, экспорттук мүмкүнчүлүгү бар өндүрүштүк базаны калыптандырууга шарт түзөт.
Эки жыл ичинде үч шаарда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводдор курулат