БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бейшембиде эртең менен жана күндүз республиканын аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 2…7, Таласта 1…6, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында 5…10, Нарын өрөөнүндө -1…-3 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 5…7, Ош шаарында 7…9 градуска жетет.