УКМК: Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген кишини сабаган милиционер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБинин кенже лейтенанты кызмат абалынан пайдаланып, күч колдонууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.
1 / 2
ГКНБ совместно с СВР МВД расследует факт превышения власти с применением физического насилия со стороны сотрудников Ленинского РУВД
2 / 2
ГКНБ совместно с СВР МВД расследует факт превышения власти с применением физического насилия со стороны сотрудников Ленинского РУВД
"Милиция кызматкери административдик укук бузууга ("Майда бейбаштык") шектелген Л.Д. аттуу жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирип, өзүнүн күчүн жана бийлигин көрсөтүү максатында негизсиз сабап салган. Анын жаракатынан улам Тез жардам бригадасы Улуттук госпиталга жеткирген", — деп маалыматта айтылган.
Эксперттик корутундуга ылайык, кармалган шектүүнүн мээси чайкалып, эки омурткасы сынып, жүлүнү жабыркап, денеси көгала болгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин айтышты.
УКМК Бакай-Ата районунун акими менен Талас токой чарбасынын директорун кармады