"Путинге чалышы керек эле". ЕБ өкүлдөрүнүн өтүмсүздүгү сынга кабылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Украинадагы согуштан улам бир топ эле алсырады, ал эми ЕБдин жетекчилери Россия менен диалогго баруудан качып, жаңылыш кадам таштап жатат. Бул туурасында Berliner Zeitung германиялык басылмасы жазды.
"ЕБ өкүлдөрү Урсула фон дер Ляйен, Кая Каллас жарыша куралдануу жана Россияны кантип жеңиш керек деген ишке ашпаган ой менен гана алек болушат окшойт. Согуш Европага кайтып келди... Бир жылдан бери Путин менен байланышып, сөзгө келүүгө аракет жасалган жок. Алар бири-бири менен кепке келбей, болгону бири-бири тууралуу гана айтып, Россиянын президенти менен байланышкысы (сүйлөшкүсү — ред.) келбеген учурда кайдагы тынчтык орнойт?" — деп басылма суроо салган.
Анда Батыштын Киевге куралдануу үчүн бөлгөн акчасы аталган аймакты стратегиялык тузакка илгени айтылат.
"Төрт жылдык согуш маалында "каалоочулардын коалициясы" жаңжалга миллиарддаган евро жумшады. Бирок бул согуш ЕБди, анын көптөгөн мүчөлөрүн экономикалык жана саясий жактан алсыратты. Батышта, анын ичинде Борбордук Европада жооптуу кызматтарды ээлегендер аскердик конформизмдин (ээрчип кете берүүчүлүк — ред.) тузагына түшүп калышкан. Украинадагы согуш тынч эмес, бүдөмүк келечекке алып бара турган жол сымал болууда", — деп жазылган макалада.
Мурдараак Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков европалыктар украиндердин тынчтыкта жашоосун караган сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын айткан. Москва Батыштын мамлекеттерине Киевди куралга шыкап, согушту создуктурууну шарттабаш керектигин бир нече ирет эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Зеленскийдин көзүн тазалашат". Батышта Украинага эмне даярдалып жатканы айтылды