БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Акыйкатчы институту Таластагы жумушчулардын эмгек укуктарын коргоп, жумушка кайра орношууга жардам берди. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун 21 тургуну Жамиля Жаманбаевага арыз менен кайрылышкан. Алар 5-16-январь күндөрү Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп, бирок 16-январда эч себепсиз жумуштан четтетилип, ордуна коңшу мамлекеттен 60ка жакын жумушчу тартылганын айтышкан.
"Бизди жумушка алганда эмгек келишими түзүлгөн эмес. Бирок жумушка чыккандыгыбыз журналга катталган, ошондой эле фото жана видеодалилдер бар. Акыйкатчыдан эмгек укуктарыбызды коргоп берүүнү жана кайрадан жумушка орношууга жардам берүүнү суранабыз", — деп жазышкан тургундар.
Акыйкатчы институту Мамлекеттик ипотекалык компанияга жана президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө расмий кат жөнөткөн. Жоопто МИК ипотекалык үйлөрдүн болгону буюртмачысы экенин, ал эми курулуш иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөрүн билдирген.
Ишти кароо учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Таластагы бул турак жай комплексинин курулушун мурда башка компания жүргүзүп, иштерди толук бүтүрбөстөн долбоордон чыгып кеткенин аныкташкан. Кийин объект башка компанияга өткөрүп берилген.
Институттун кайрылуусунан кийин азыркы подрядчы тиешелүү квалификациясы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга даяр экенин билдирген. Тургундар февралдын башында жумушка кабыл алынган.