БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясына Сулайманов депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз таштаган. БШК бүгүн анын арызын кабыл алды.
Кечээ соцтармакка Кундузбек Сулайманов менен энергетика министринин мурдагы орун басары Курсантбек Өмүрбековдун телефон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда депутат тааныштарын жумушка коюп, кадр маселесине аралашып жатканын угууга болот.
Ал №14 округдан шайланган, ордуна кийинки кезек боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Райимберди Дуйшенбиев келиши мүмкүн.