Эстен чыкпас эрдик... Баткен коогасынын жоокерлерине арналган эстеликтин ачылышы

2004-жылы 28-майда Коргоо министрлиги Баткен коогасында курман болгон жоокерлерге арнап эстелик тургузган. Тарыхый окуя чагылдырылган тасманы колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринен алды.
Sputnik
Баткен окуясы деген аталыш менен тарыхта калган коогалаң 1999-2000-жылдары болгон. Кыргызстанга кол салган "Өзбекстан ислам кыймылынын" баш кесерлери менен куралдуу күчтөр, атайын кызматтар жана ыктыярчылар салгылашкан. Жалпы 76 киши көз жумса, анын 46сы жоокерлер эле, дагы 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Аймактын опурталдуулугу эске алынып Баткен облусу уюшулду. Улуттук армия такшалып, тажрыйба топтоду. Өлкө эгемендиги үчүн өмүрүн садага чапкан аскерлердин эрдигин унуткарбоо максатында Коргоо министрлиги эстелик тургузууну демилгелейт. Искусство таануу боюнча кандидат, доцент Улан Садыков жана архитектор Евгений Писарской колодон жасаган монумент Коргоо министрлиги менен Улуттук гвардиянын жанына, Киев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.
Видеодо эстеликтин ачылыш салтанаты. Анда Баткен коогалаңында көрсөткөн каармандыгы үчүн капитан Айбек Бейшенов, ага лейтенант Владимир Вавилов, запастагы сержант Улан Орозалиев Эрдик медалы жана полковник Абдымалик Мырзаев Ардак грамота менен сыйланган.