1993-жылы январда Минскиде КМШ мамлекет башчылары кезигип, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы россиялык чек арачыларга көмөктөшүүгө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ар биринен 500дөн жоокер бөлүп, тынчтык орнотуучу батальон жиберүү чечими кабыл алынган.
Казак жана өзбек батальондору Хорог менен Калаи-Хумб районундагы чек араны көзөмөлгө алса, кыргыз отряды Ишкашимдеги чек ара тилкесин кайтарган. Демилгени БУУ колдогон. 1993-1999-жылдары тажик-афган чек арасын төрт миңден ашык кыргызстандык аскер көзөмөлдөп, ушуну менен эгемен Кыргызстандын Чек ара кызматы түптөлгөн. Колумнист Алмаз Батилов КР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун ардагерлеринин жеке архивинен сейрек сүрөттөрдү тапты.