БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарга туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +13...+18, Баткен облусунда +12...+17, Ысык-Көл кылаасында +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.