Асел Ногойбаеванын кулагын россиялык дарыгерлер калыбына келтирип беришти

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын кулагын калыбына келтирүү боюнча операциялар аяктады. Бул тууралуу ал социалдык желедеги баракчасына жазды.
Операция Москвада жасалган. Ногойбаева аны колдогондорго жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле алдыда мурдуна бир нече операция жасаларын белгиледи.
"Алдыда айыгуу жана жаңы ишенимдер турат", — деген ал.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Дагы бир нече оор жана кымбат операция талап кылынары айтылган эле.
Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында Асел Ногойбаеваны мурдагы жолдошу бычактап, кулак-мурдун кесип салган. Ал буга чейин да жабырлануучуну зордуктаганы үчүн 5 жылга кесилип, бирок пробация аркылуу эркиндикке чыгып кеткени белгилүү болгон. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескенден кийин гана сот анын ишин кайра карап, зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кескен. Ал эми Селекциядагы кылмышы боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы 20 жылга эркинен ажыратылган.
Кыргызстанда оор кылмыш жасагандар өмүр бою камакта калат. Жаңы мыйзам долбоору